Колл - борбор: 105; 1209

Кант шарында күз-кыш мезгилине карата даярдык жакшы

24 Сентябрь 2024 ж.

 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Кант райондук электр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери уланууда.

 Кант шаарынын энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 36 даана трансформатордук көмөк чордонду, 31 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 286 даана трансформатордук көмөк чордонду, 492 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

 Бул иштер Кант шаарынын жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

 Кант РЭТи Кант шаарын жана 5 айыл өкмөтүн жалпы 28419 абонентти тейлейт.

 Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

 Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

 Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.