Кадырлуу кыргызстандыктар!
Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.
Бул күндөрү биз тарыхта өчпөс из калтырган окуяларды, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн жана бүгүнкү күндөгү бакубат турмушту жараткан улуу инсандарды эскеребиз.
Кыргыз мамлекети эркиндикке, эгемендүүлүккө карай көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Андыктан, татаал тарыхтан таамай сабак алып, андан туура жыйынтык чыгарып келечекке бийик максаттарды коюушубуз абзел. Биз, улуу элдин урпактары, өткөнгө көз чаптырып, келечекке ишенимдүү кадам таштайбыз.
Ата-бабаларыбыз баскан бараандуу жолду барктоо менен, мамлекеттүүлүгүбүздү, элдин ынтымагын коргоо жана чыңдоо, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү биздин ыйык парзыбыз.
Урматтуу кыргызстандыктар, Чүй электр тармактар ишканасы Тарых күнү жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайт. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакты-таалай жана бакубат жашоо, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалайт.