Колл - борбор: 105

Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилиги коррупцияга каршы саясат боюнча көчмө жыйындарды өткөрдү

6 Апрель 2026 ж.

Чүй электр тармактар ишканасында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана ачык-айкын иш чөйрөсүн калыптандыруу боюнча системалуу иштер улантылууда.

Антикоррупциялык чараларды күчөтүү максатында Чуй электр тармактар ишканасынын директору Ж. Доктурбай уулу, башкы инженер Б. Омуралиев, директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары У.Б. Уметов, директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары Ы.А. Кендибаев, ошондой эле башкы инженердин орун басарлары А. Бердиев жана А. Тургунов райондук электр тармактарында көчмө жыйындарды өткөрүштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кызматкерлерге антикоррупциялык мыйзамдардын негизги талаптары, кызматтык этиканын нормалары, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик кеңири түшүндүрүлдү.

Өзгөчө көңүл кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, кызматтык милдеттерди аткарууда ачыктык жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактоо, ошондой эле ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерине бурулду.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына кайтарым байланыш механизмдери тууралуу, анын ичинде коррупция фактылары боюнча тиешелүү каналдар аркылуу маалымдоо мүмкүнчүлүгү бар экени эске салынды.

Мындай иш-чаралар эмгек тартибин чыңдоого, керектөөчүлөрдүн ишенимин жогорулатууга жана жамаат ичинде коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга багытталган.