Жыпара Жолчиевна КМУну 1986-жылы ийгиликтүу аяктап, Энергосистемадагы эмгек жолун 2012-жылы Аламүдүн РЭТинде электр куроочу кызматынан баштаган.
2013-жылдан азыркы мезгилге Чүй электр тармактар ишканасынын Изоляция жана чыӊалуудан коргоо кызматынын лабораториясында лаборант болуп эмгектенген.
Ж.Жунушалиева энергиясы түгөнгүс, позитивдүү жакшы адам катары жаркын элесин калтырды.
Ал көптөгөн кесиптештери жана досторунун эсинде чыныгы профессионал, боорукер адам катары калат.
Жыпара Жолчиевва мыкты жар, эки баланын үлгүлүү энеси жана төрт неберенин эң сонун чоң апа жана тай энеси болгон.
Бул оор жоготууга байланыштуу Жыпара Жолчиевнанын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.