Колл - борбор: 105; 1209

Сокулук РЭТинде СИП-2 аба чубалгыларын монтаждоо иштери жүрүүдө

7 Август 2023 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинин электр куроочулары Сокулук районунун Манас айылында керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жана 2023-жылга карата пландалган иштердин алкагында СИП-2 аба чубалгыларын монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. 2023-жылга пландалган 18 чакырым аба чубалгынын 9,5 чакырымы тартылып бүттү.

СИП-2 аба чубалгыларын монтаждоо иштери менен Сокулук районунун бир катар айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат жана ар кандай авариялык өчүрүүлөр азаят.

Кызматыбыз эл үчүн!