Колл - борбор: 105; 1209

Сокулук районунда 51 трансформатор оңдолуп, 540 трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү

24 Июнь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого койгон пландарынын алкагында, энергетиктер Сокулук районунда 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 30 пайызга аяктады.

Быйылкы жылга пландаштырылган иштердин алкагында 51 даана трансформатордук көмөк чордонду, 30 даана күч трансформаторун, 12 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүштү.

Мындан тышкары 540 даана трансформатордук көмөк чордон жана 690 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер Сокулук районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат. Калган техникалык тейлөө, капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктайт. Аталган иш Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.