Колл - борбор: 105; 1209

Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу болду

9 Август 2023 ж.

Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу болду
Бүгүн 9-август күнү Сокулук жана Аламүдүн райондорунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, берилген лимиттер жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Чүй ЭТИнин директору Улан Астаркулов, Сокулук, Аламүдүн РЭТтеринин жана электр энергия сатуу кызматынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.
Жыйында энергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгы, жасалып жаткан иштер, абоненттерди онлайн жана сапаттуу тейлөө жана санариптештирүү максатында ишке кирген "Мой свет" мобилдик тиркемеси жөнүндө сөз болду. Андан тышкары райондук жетекчилердин 6 айлык ишинин отчету менен берилди.Кийинки сөздү Чүй ЭТИнин директору Улан Астаркулов алып, берилген лимитти сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте иш алып баруу маселесин көтөрдү.>Администрация жана айыл өкмөт башчылары энергетиктер көтөрүп жаткан маселелерди колдоп, энергетиктер менен ар кандай маселелерде тыгыз иш алып барып, берилген лимиттерди сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жер-жерлерде иш алып барарын билдирди.
Жыйында райондогу ар кандай көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, энерго тармактын жетекчилерине суроолор болду. Берилген ар бир суроого РЭТ жетекчилери жооп берип, көйгөйлүү маселелер жеринде чечилди.