Колл - борбор: 105; 1209

Коррупцияны алдын алуу боюнча өнөктөштөр менен жыйын өттү

9 Апрель 2025 ж.

Бүгүн, 9-апрель күнү “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында Чүй электр тармактар ишканасынын директору Данияр Шабданов, директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Убайдылда Уметов, директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары Мирсталбек Ногоев, коррупциялык иштер боюнча ыйгарымдуу өкүл Мирдин Кошалиев, башкы инженердин орун басары Аскат Бердиев, юридикалык бөлүмдүн башчысы Гульдастан Арапбаева жана  Чүй электр тармактар ишканасы менен иш алып барган өнөктөштөрдүн катышуусунда коррупциялык элементтерди алдын алуу, коррупцияга жол бербөө максатында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Жыйында директор Д.Б.Шабданов коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөргө токтолуп, жыйынга катышып жаткан өнөктөштөргө коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөндүгүн, кылмыш-жаза мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр киргендигин жеткиликтүү формада тааныштырып, түшүндүрүп берди.

Директор өз сөзүндө ишкана менен кызматташкан өнөктөштөр менен кызматташууда ар дайым ачык айкындуулукка басым жасаарын, тендер өткөрүүдө, төлөм жүргүзүүдө бардык өнөктөштөргө бирдей мамиле жасаларын кошумчалап, эч кандай тааныш билиштикке жол берилбестигин баса белгиледи.

Жыйынга катышкан өнөктөштөр коррупцияга каршы мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат алышкандыгын, кызматташууда коррупцияга жол берилбестигин билдиришти.

Жыйын соңунда ишкана жетекчиси өнөктөштөрдүн ишине ийгилик каалап, ишкананы сапаттуу  жабдуулар менен камсыздап, белгиленген мөөнөттө камсыз кылууну өтүндү.