Джаныбеков Джээнбай Раевич өмүрүнүн 34 жылдан ашуун убактысын энергетика тармагына арнаган. Ал эмгек жолун 1992-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл электр тармактар ишканасында баштап, көп жылдар бою энергетика системасында үзүрлүү эмгектенип, тармактын өнүгүшүнө жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого зор салым кошкон.
Эмгек жолунда ал жоопкерчиликтүү, билимдүү жана тажрыйбалуу адис катары таанылып, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине болгон берилгендиги менен айырмаланган. Көп жылдык тажрыйбасы, терең билими жана ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси аркылуу кесиптештеринин урмат-сыйына жана энергетика тармагындагы кызматкерлердин кадыр-баркына ээ болгон.
2025-жылдын 16-декабрынан тартып Жаныбеков Жээнбай Раевич «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасынын көмөкчордон кызматынын Москва тобунун улук мастери болуп эмгектенип келген.
2026-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык өз каалоосу менен пенсияга чыгууга байланыштуу эмгек ишмердүүлүгүн аяктады.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасынын жамааты Жаныбеков Жээнбай Раевичке көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана энергетика тармагына кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узун өмүр каалайт.