Колл - борбор: 105; 1209

КРнын Энергетика министрлигинин тийиштүү кызматкерлери Чүй электр тармактар ишканасына иш сапары менен келишти

6 Май 2025 ж.

2025-жылдын 4-5-6-май күндөрү КРнын Энергетика министрлигинин тийиштүү кызматкерлери “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын күз -кыш мезгилине даярдыгы жана акылдуу эсептегичтердин орнотуу иштери менен таанышуу максатында иш сапары менен келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү Чүй облусундагы бардык энергообъектилерди кыдырып, күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан иштер жана реконструкциялоо иштери менен жакындан таанышып, ишкана жетекчилигинен учурда облус боюнча канча акылдуу эсептегич орнотулгандыгы боюнча маалымат алышты.
Чүй электр тармактар ишканасынын директору Данияр Шабданов күз-кыш мезгилине карата даярдыктар жана реконструкциялоо иштери өз нугунда жүрүп жатканын, Чүй электр ишканасы быйылкы жылы 114 100 даана акылдуу эсептегич орнотууну пландаштырганын, учурда 20 000 даана акылдуу эсептегич орнотулуп бүткөнү боюнча маалымат берди.
Иш сапардын жүрүшүндө ар бир РЭТтин кампасындагы авариялык запастарды көрүшүп, көмөк чордондордо жүрүп жаткан техникалык тейлөө иштери менен танышышты.
Иш сапар соңунда Энергетика министрлигинин тийиштүү кызматкерлери энергетиктердин ишине ийгиликтерди каалап, иш алып барууда коопсуздук эрежелерин так сактоону, күз-кыш мезгилине пландаштырылган иштерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырышты.