Майрамдык иш-чаралардын алкагында кызматкерлер Кара-Балта шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шальнов Антон Семёновичке, ошондой эле согуштун катышуучусу жана ардагери Соколов Николай Николаевичке барып, куттукташты.
Жамааттын атынан ардагерлерге эрдиги, баатырдыгы, жан аябастыгы жана Улуу Жеңишке кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирилди. Кызматкерлер ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана асманыбыз тынч болуусун каалашты.
Ардагерлердин эрдиги келечек муундар үчүн мекенчилдиктин, кайраттуулуктун жана Ата Мекенге берилгендиктин үлгүсү болуп түбөлүк сакталат.