Жаш адистер арасында инженердик чемпионаттын финалдык бөлүгү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын окуу борборунда “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” программасын ишке ашыруу планынын алкагында, 2025-жылдын 25-декабрында жаш адистер арасындагы алгачкы Инженердик чемпионаттын финалдык бөлүгүнүн ачылышы болуп өттү. Чемпионатта Чүй электр тармактар ишканасынын төрт адистен турган командасы ишкананын ишмердүүлүгүн тааныштырышты.
Ошол эле күнү финалдын катышуучулары «Кыргызстан УЭТ» ААКнын Борбордук диспетчердик кызматына (БДК) барып, ыкчам-диспетчердик башкаруунун уюштурулушу, энергосистеманын иштөө принциптери жана реалдуу убакыт режиминде чечим кабыл алуу механизмдери менен таанышышты.
Эртең финалдын экинчи күнү өтүп, анын алкагында негизги сынак бөлүгү уюштурулат жана тандоонун жыйынтыктары чыгарылат. Экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча чемпионаттын кийинки этабына өткөн командалар аныкталат.