Колл - борбор: 105; 1209

Токмок шаарындагы авариялык абалдагы электр мамылары алмашылууда

16 Октябрь 2023 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Токмок РЭТинин электр куроочулары тарабынан авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Алсак, Токмок шаарындагы авариялык абалдагы мамылар темир бетон мамыларга алмашылууда. Быйылкы жылга авариялык абалдагы 150 даана электр мамыны алмаштыруу пландалган. Бугүнкү күндө 140 даанасы алмашылып бүттү. Калган 10 даана электр мамысы октябрь айынын аягына чейин алмашылат.
Бул иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жүрүүдө.
Кызматыбыз эл үчүн!