Акылдуу эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө

17 Январь 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы- Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан Аламүдүн районунун Айкөл жаңы конушунда акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Эскерте кетсек, Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, анын сапатын жакшыртуу багытында Аламүдүн РЭТине 3600 даана акылдуу эсептегич берилген. Бүгүнкү күндө алардын 2100 даанасы орнотулуп бүттү.Акылдуу эсептегичтин эски эсептегичтен айырмасы – бул көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө жана реалдуу убакытта компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт. Мындан тышкары, акылдуу эсептегич орнотулган кардарларды аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.