Колл - борбор: 105; 1209

Кожомкул айылында көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

15 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа жана энергетика тармагын жаңылоого багытталган иш-аракеттердин алкагында бир катар иштер аткарылууда.

Алсак, Сокулук районунун Кожомкул айылында жайгашкан 35/10 кВ "Военно-Антоновка" көмөк чордонунда 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй ишканасынын кызматкерлери тарабынан алмаштырылды.

Тактап айтканда, аталган көмөк чордон 1975-жылы курулуп, андагы трансформатордун кубаттуулугу 6300 кВАны түзгөн. Учурдагы жаңылоодон кийин көмөкчордонго 9700 кВА кубаттуулук кошулду. Капиталдык курулуш жана жабдыктарды жаңылоо иштери  Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Кожомкул айылынын жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.

Маалымат:

Кожомкул айылында жайгашкан 35/10 кВ “Военно-Антоновка” көмөк чордону 1975-жылы ишке киргизилген. Көмөк чордон Сокулук районунун Кожомкул айылын толугу менен электр энергиясы менен камсыздайт.

Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.