Колл - борбор: 105; 1209

2025-жылы Чүй облусуна 119 500 "акылдуу" эсептегич орнотулат

5 Февраль 2025 ж.

Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "КУЭТ" ААК филиалы Чүй электр тармактар ишканасы 2025-жылы Чүй облусуна 119 500 "акылдуу" эсептегичтерди орнотууну пландоодо. 


Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук жана Москва райондорунда 5 800 "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу башталды. 


Акылдуу эсептегичтерди орнотуу абоненттердин тынчын албастан, эсепке алуу приборунун маалыматтарын аралыктан алып коюуну жана керектөөчүлөрдү алыстан өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. 


Белгилей кетсек, учурда Чүй облусу боюнча 88 000ден ашуун «акылдуу» эсептегичтер орнотулган.