Колл - борбор: 105

2026-жылы Чүй облусунда 70 602 даана «акылдуу» эсептегич орнотулат

28 Апрель 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин санариптештирүү саясатын ишке ашыруунун алкагында жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (АСКУЭ) киргизүү боюнча иштерди улантууда.

 

Эске сала кетсек, 2025-жылы Чүй облусунда 102 652 даана «акылдуу» эсептегич орнотулган. Акылдуу эсептегич орнотуу иштери төмөндөгүдөй алгылыктуу жыйынтыктарды берди:

-Керектөөчүлөрдү тейлөө сапаты жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү кыйла жогорулады;

-Кардарлардын кайрылуулары 50 азайды;

-Электр энергиянын жоготуулар 1,3 пайызга кыскарды;

-Санариптештирүүнүн алкагында 47  инспектордук кызмат орду кыскарды;

-Кагаз түрүндө берилчү эсеп дүмүрчөк токтотулуп, “Мой свет” мобилдик тиркемеси менен аркылуу керектөөчүлөр аралыктан тейлөөгө өттү.

-Кагаз дүмүрчөк колдонуу бир кыйла азайып, каржы жагынан үнөмдөлдү.

 

2026-жылы Чүй облусу боюнча 70 602 даана заманбап АСКУЭ эсептегичтерин июнь айынан баштап орнотуу башталып жыл аягына чейин аяктоо пландалууда, анын ичинде: 1-фазалуу эсептегичтер — 59 271 даана

3-фазалуу эсептегичтер — 11 331 даана

РЭТтер боюнча бөлүштүрүү:

1-фазалуу эсептегичтер:

Кемин РЭТ    — 8 175

Чүй РЭТ         — 2 053

Кант РЭТ       — 7 274

Сокулук РЭТ — 21 414

Москва РЭТ  — 4 312

Жайыл РЭТ   — 10 957

Панфилов РЭТ — 5 086

3-фазалуу эсептегичтер:

 Кемин РЭТ   — 745

Чүй РЭТ         — 949

Кант РЭТ       — 2 193

Сокулук РЭТ — 4 461

Москва РЭТ  — 1 022

Жайыл РЭТ   — 1 176

Панфилов РЭТ — 785

 

«Акылдуу» эсептегичтердин артыкчылыктары: — көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө реалдуу убакыт режиминде жөнөтөт;

— керектөөчүлөрдү алыстан тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет;

— электр тармактарындагы ашыкча жүктөмдөрдү алдын алат;

— электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык жоготууларын азайтат.

Долбоорду ишке ашыруу электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн мындан ары да жогорулатууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана керектөөнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө шарт түзөт.

 

Электр менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

105 (чалуу акысыз)

+996 772 001209

+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209