Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Министрлик тарабынан бекитилген программалардын алкагында өлкөнүн аймактарында электр тармактары жаңыланып, жаңы энергетикалык объектилер пайдаланууга берилүүдө.
Аталган иштердин алкагында 2026-жылы «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасында төмөнкү объектилердин курулушу пландаштырылды:
- 110/35/10 кВ «Манас» көмөкчордону;
- 220/35/10 кВ «Чуйская» көмөкчордону;
- 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордону;
- 35/10 кВ «Ленинская» көмөкчордону.
Мындан тышкары эскирген зым аба чубалгыларын заманбап СИП кабелдерине алмаштыруу иш планга киргизилди. Алсак:
- 15,67 чакырым 10 кВ аба чубалгысы (СИП-3);
- 103,81 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы (СИП-2);
- 0,37 чакырым 10 кВ кабелдик линия;
- 0,15 чакырым 0,4 кВ кабелдик линия реконструкцияланат;
Буга кошумча 2026-жылы Чүй электр тармактар ишканасынын аймагында темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин курулушу пландаштырылууда.
Андан тышкары облус боюнча 2800 даана темир-бетон мамыча алмаштырылып, 5 даана жаңы трансформатор орнотулат.
Тармакты санариптештештирүү максатында 80 минден ашуун «акылдуу» (АСКУЭ) эсептегичтерди орнотуу, 785 даана транформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоодон жана 5176 даана транформатордук көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделүүдө.
Бул иштер электр энергиясынын туруктуулугун камсыздоого, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу),
+996 772 001209, 0556 001209
WhatsApp: +996 702 001209
Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы
Website: http://chupes.nesk.kg/
https://www.facebook.com/chupeskg
https://www.instagram.com/chupes.kg/
E-mail: chupes.ps@gmail.com
Tel: +996 33 85 97