Колл - борбор: 105; 1209

Аламүдүн районунда 100 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт

25 Февраль 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн райондук электр тармагы 2025-жылы Аламүдүн районундагы 100 даана трансформаторду жана 40 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрөт. 


Мындан тышкары энергетиктер 743 даана трансформатордук көмөкчордонду, 1124 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштерин жүргүзүшөт. 


Бул иштер Аламүдүн районунун керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт. 
Эске сала кетсек, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт. 


2024-жылы Аламүдүн РЭТинин энергетиктери тарабынан 107 даана трансформатордук көмөкчордон жана 47 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өтүп, 710 трансформатордук көмөкчордон
техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн. 


Маалымат үчүн: Аламүдүн райондук электр тармагы 67 айыл, жаңы конуштарда жашаган 43071 абонентти тейлейт. 43071 абоненттин 40050 абоненти турмуш-тиричилик, 3021 өндүрүш абоненттери.          

  Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу-борборубузга төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209,0556-001209.