Колл - борбор: 105; 1209

Чүй облусунда 29 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт

14 Май 2024 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан 2024-2025-жылдагы күз-кыш оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусундагы 35/110/220/500 кВ 29 даана көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрөт.
 
Андан тышкары, 35/110/220/500 кВ 126 даана көмөк чордонду жана 2318 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштери аткарылат.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.
 
Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусу боюнча 295 миң абонентти тейлейт.
Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
 
Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.