Колл - борбор: 105; 1209

Чүй облусунда 76 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 1900 даана темир-бетон электр мамылары орнотулат

20 Февраль 2025 ж.

Энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн эскирген электр жабдууларын алмаштырып, бузулганын оңдоп, үзүлгөнүн кошуп даярдыктарды көрүшөт.
 
2025-жылы капиталдык курулуш иштеринин алкагында "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын энергетиктери тарабынан 76 чакырым СИП-2
аба чубалгылары тартылып, 1900 даана темир-бетон электр мамылары орнотулат.
 
Мындан тышкары 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат. Бардык керектүү жабдуулар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражатынан камсыздалат.
Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунун жашоочуларын жана өндүрүш тармагын электр энергиясы менен камсыз кылган, курамында 9 (Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов) райондук электр тармактары бар ишкана.
Ишкана облус боюнча 299 373 керектөөчүнү тейлейт.
 
Бул аткарыла турган иштер Чүй облусунун тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып, тейлөө сапатын жакшыртат.
 
Эске сала кетсек, 2024-жылы капиталдык курулуш иштеринин алкагында энергетиктер тарабынан Чүй облусу боюнча 71 чакырым 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгысы
тартылып, 3100 даана темир-бетон электр мамылары орнотулган.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу-борборубузга төмөнкү
телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209,0556-001209.