Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана сапаттуу тейлөө үчүн жыл сайын 1-марттан 1-ноябрга чейин электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.
2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы облустагы 23 көмөк чордондун 711 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 100 көмөк чордондун 4977 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.
Оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери Чүй электр тармактар ишканасынын бардык 123 көмөк чордонунда жүрөт бар.
Оңдоп-түзөө иштери эртең менен саат 09-00дон кечки 17-00 го чейин жүрөт. Энергетиктер иштеп жатканда коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлөт.
Эске сала кетсек, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 29 даана көмөк чордондун 724 жабдуусу капиталдык оңдоо иштеринен өткөн. Ал эми калган 94 көмөк чордондун 4327 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.
Маалымат: Чүй электр тармактар ишканасынын балансында 500 кВ – 2, 220 кВ – 3, 110 кВ – 21, 35 кВ – 97 жалпы 123 даана көмөк чордон бар.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, Сиз биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу-борборубузга төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209, 0556-001209.