Колл - борбор: 105

Чүй облусунда «Чүйская» көмөкчордонунун экинчи кезегинин курулушу башталды

13 Март 2026 ж.

Чүй облусунда, Токмок шаарынын өнөр жай аймагында жайгашкан 220/110/35/10 кВ «Чүйская» көмөкчордонунда экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 125 МВА болгон экинчи автотрансформатор орнотуу каралган. Бул долбоор аймактагы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
 
Долбоордун ишке ашырылышы Чүй облусунда электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен байланыштуу. Аймакта жаңы турак жай конуштары жана көп кабаттуу үйлөр курулуп, өнөр жай тармагы өнүгүп, жаңы ишканалар ачылууда. Кошумча автотрансформаторду орнотуу Чүй, Ысык-Ата жана Кемин райондорунун керектөөчүлөрүн туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Азыркы учурда «Чүйская» көмөкчордонунда кубаттуулугу 125 МВА болгон АТ-1 автотрансформатору, ошондой эле ар бири 25 МВА болгон эки күч трансформатору иштеп жатат жана алар 110 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүшүнө туташкан.
Экинчи кезектеги курулуштун алкагында 220/110/10 кВ чыңалуусундагы кубаттуулугу 125 МВА болгон АТ-2 автотрансформатору орнотулат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда 220/110/10 кВ «Ала-Арча» көмөкчордонунда жайгашкан резервдик автотрансформаторду пайдалануу пландалууда.
Долбоордо ошондой эле заманбап жогорку чыңалуудагы жабдууларды орнотуу каралган.
220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндө элегаз өчүргүч, ток трансформаторлору, ажыраткычтар жана ашыкча чыңалууну чектегич орнотулат.
Ал эми 110 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүшүндө да элегаз өчүргүч, ток трансформаторлору, ажыраткычтар жана ашыкча чыңалууну чектегич орнотуу пландалууда.
Мындан тышкары, 32 МВАр кубаттуулуктагы статикалык конденсатор батареясы орнотулат. Ал реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоого, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана тармактагы чыңалуу деңгээлин жогорулатууга багытталган. Долбоордо ошондой эле автотрансформаторду релейдик коргоо жана башкаруу шкафтары орнотуу каралган.
 
«Чүйская» көмөкчордонунун экинчи кезегинин курулушу авариялык жана оңдоо режимдеринде Чүй облусунун электр менен камсыздоо схемасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын сапатын жакшыртууга, ошондой эле жаңы абоненттерди кошууга жана аймактын мындан аркы өнүгүүсүнө кошумча кубаттуулуктарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге күнү-түнү кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу)
+996 772 001209
+996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209
 
 
 
 
 
 

 

Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы

Website:  http://chupes.nesk.kg/ 

https://www.facebook.com/chupeskg

https://www.instagram.com/chupes.kg/

E-mail: chupes.ps@gmail.com

Tel:  +996 33 85 97