Колл - борбор: 105

Чүй облусунда 1945 даана темир-бетон мамыларды орнотуу пландалууда

10 Апрель 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштерди жүргүзүүдө. Бекитилген программалардын алкагында өлкөнүн аймактарында электр тармактары жаңыланып, жаңы энергетикалык объекттер пайдаланууга берилүүдө.
Негизги багыттардын бири — электр берүү линияларындагы эскирген жыгач мамыларды этап-этабы менен заманбап темир-бетон мамыларга алмаштыруу.
Бекитилген өндүрүштүк программага ылайык, Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан эскилиги жеткен жана авариялуулук коркунучу бар участокторго өзгөчө көңүл бурулууда.
2026-жылдын ичинде ЧЭТИ тарабынан жалпысынан СВ95 — 1280 даана, СВ105 — 665 даана темир-бетон мамыларды орнотуу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча СВ105 — 75 даана, СВ95 — 85 даана орнотулуп, СИП-3 800м. жана СИП-2 4,5км. тартылган. Иштер электр берүү линияларын реконструкциялоо жана алмаштыруу менен катар жүргүзүлүп, бул керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Темир-бетон мамыларды колдонуу климаттык шарттарга туруктуулукту жогорулатат, электр тармактарынын кызмат мөөнөтүн узартат жана технологиялык бузулуулар коркунучун азайтат.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, аварияларды азайтууга жана аймактын энергосистемасынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
ЧЭТИ электр тармактарын жаңылоо боюнча системалуу иштерди улантып, Чүй облусунун тургундарын жана ишканаларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууда.
Электр менен камсыздоо боюнча суроолор жаралган учурда, төмөнкү телефондор аркылуу сутка бою кайрылсаңыз болот:
105 (акысыз чалуу)
+996 772 001209
+996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209
 
 
 
 

Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы

Website:  http://chupes.nesk.kg/ 

https://www.facebook.com/chupeskg

https://www.instagram.com/chupes.kg/

E-mail: chupes.ps@gmail.com

Tel:  +996 33 85 97