«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусундагы энергетикалык объектилерде пландуу оңдоо иштерин улантууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты — керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу, электр тармактарындагы авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдоо болуп саналат.
2026-жылы 693 трансформатордук көмөкчордондо жана бөлүштүрүү пункттарында оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Мындан тышкары, Чүй облусу боюнча 4 миңден ашуун трансформатордук көмөкчордон (ТП) техникалык тейлөө иштерине камтылат.
Оңдоо иштери бардык райондук электр тармактарында жүргүзүлөт:
Кемин РЭТи — 64 трансформатордук көмөкчордондон;
Чүй РЭТи — 78 трансформатордук көмөкчордон;
Ысык-Ата РЭТи — 62 трансформатордук көмөкчордон;
Кант РЭТи — 33 трансформатордук көмөкчордон;
Сокулук РЭТи — 191 трансформатордук көмөкчордон;
Москва РЭТи — 130 трансформатордук көмөкчордон;
Жайыл РЭТи — 84 трансформатордук көмөкчордон;
Панфилов РЭТи — 51 трансформатордук көмөкчордон.
Оңдоо өнөктүгүнүн алкагында адистер жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүп, эскирген тетиктерди алмаштыруу, алдын алуу кароолору жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшөт.
Ошондой эле аба электр берүү линияларында оңдоо иштери, трассаларды тазалоо жана жогорку жүктөм мезгилдеринде энергосистеманын туруктуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар аткарылууда.
Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунда электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу жана электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди улантууда.