Колл - борбор: 105

Чүй облусунда 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордонунун экинчи кезегинин курулушу башталды

10 Март 2026 ж.

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган программаларынын алкагында Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Учурда 25 МВА 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформаторун орнотуу пландалууда. Бул өз кезегинде көмөкчордондун кубаттуулугун 50 МВАга чейин жогорулатып, энергетикалык объекттин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла арттырууга шарт түзөт.

Курулуш-монтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылат:

* 110 кВ өчүргүчүн орнотуу;

* 110 кВ ажыраткычтарды монтаждоо;

* 7 даана КРУН уячасын орнотуу;

* 110 кВ ток жана чыңалуу трансформаторлорун монтаждоо;

* жерге туташтыруу жабдууларын орнотуу;

* 110 кВ ашыкча чыңалуудан коргоочу чектегичтерди орнотуу.

Аталган иш-чараларды ишке ашыруу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, көмөкчордонунун кубаттуулугун көбөйтүүгө жана Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бул жумуштарды ушул жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда.

 Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге сутка бою кайрылсаңыздар болот:

 105 (акысыз чалуу)

 +996 772 001 209

0556 001 209

WhatsApp: +996 702 001 209


Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы

Website:  http://chupes.nesk.kg/ 

https://www.facebook.com/chupeskg

https://www.instagram.com/chupes.kg/

E-mail: chupes.ps@gmail.com

Tel:  +996 33 85 97