Энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын жана санариптештирүү иштеринин алкагында, “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусуна акылдуу эсептегичтерди орнотууда.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуунун максаты электр энергиясын туура бөлүштүрүүнүн, бөлүнгөн электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жыл башынан бери энергетиктер тарабынан Чүй облусунун 5 районуна 31 000 акылдуу эсептегич орнотулду.
Анын ичинен:
- Аламүдүн районуна - 7282;
- Ысык-Ата районуна - 5136;
- Чүй районуна - 6360;
- Сокулук районуна - 6907;
- Москва районуна - 5315 даана акылдуу эсептегич орнотулду.
2025-жылы жалпы Чүй облусу боюнча 114 000 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Калган 83000 даана акылдуу эсептегич жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.
Акылдуу эсептегичтер:
• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жанатөлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча чалуу-борборуна төмөндөгү номерлерге кайрылыңыз. 105, 1209, 0772 00 1209, 0556 00 1209 (ватсап),0702 00 1209