КРнын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана алгылыктуу иштердин алкагында тармакта жабдыктарды жаңылоого, калк жыш жайгашкан аймактарда көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Алсак, быйыл 2025-жылы Чүй облусунда эле калк жыш жайгашкан, керектөөчүлөрдүн саны өскөн аймакта 10 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды.
Алар:
- 35/10 кВ "Кудайберген" көмөк чордону - 10 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Военно-Антоновка" көмөк чордону - 6 300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "25 лет Кыргызстана" көмөк чордону - 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Кара-Жыгач" көмөк чордону - 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Красный Восток" көмөк чордону - 2500 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 4000 кВА кубаттуулука:
- 35/10 кВ "Туз" көмөк чордону - 4000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 6300 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Керамзитовая" көмөк чордону - 4000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 6300 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Жал" көмөк чордону - 4000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 6300 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Достук" көмөк чордону - 10000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 16000 кВА кубаттуулука;
- 35/10 кВ "Маловодная" көмөк чордону - 4000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор 6300 кВА кубаттуулука алмаштырылды.
10 көмөк чордонго жалпы 45800 кВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 9 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.
Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатат.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү, Чүй облусунун жашоочуларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн жасалууда.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртен мененсаат 09-00дөн кечки саат 17-00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат.
Ошондой эле "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү
иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209, (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.