Чүй облусунда 2025-жылы 150 чакырым СИП кабели тартылды
30 Январь 2026 ж.
Чүй облусунда 2025-жылы 150 чакырым СИП кабели тартылды Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформасынын, Чүй электр тармактар ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында, 2025-жылы Чүй облусунда 150 чакырымдан ашуун СИП кабелдери тартылып, реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Алсак, Чүй облусу боюнча жалпы: 35/10 кВ 7,52км СИП-3 аба чубалгысы тартылып, 146,24 чакырым 10 кВ аба чубалгылары СИП-2 кабелине алмаштырылды:
Анын ичинде:
- Аламүдүн району - 31,2 чакырым;
- Кемин району - 6,2 чакырым;
- Москва району - 13,7 чакырым;
- Жайыл району - 23,34 чакырым;
- Сокулук району - 32,6 чакырым;
- Чүй району - 7,5 чакырым;
- Ысык-Ата району – 16,5 чакырым;
- Панфилов району - 15,2 чакырым.
СИП кабелдин өзгөчөлүгү: Табигый терс факторлорго туруктуу келет. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна жана муздун тоңуп калышына аз дуушар болуп, электр тармагынын ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат.
Бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдарды алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
📞 Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 105 (акысыз чалуу) +996 772 001209 +996 556 001209 📲 WhatsApp: +996 702 001209
Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы
Website: http://chupes.nesk.kg/
https://www.facebook.com/chupeskg
https://www.instagram.com/chupes.kg/
E-mail: chupes.ps@gmail.com
Tel: +996 33 85 97