Колл - борбор: 105

Чүй электр тармактар ишканасында 21-февраль эне-тил күнү белгиленди

24 Февраль 2026 ж.

Бүгүн, Чүй электр тармактар ишканансында 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктурүү жана санариптик технологиялар менен тааныштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясат боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиевдин жана улуттук комиссиянын кызматкерлеринин катышуусунда «Эне тилибиздин жасалма интеллекттеги бүгүнкү абалы жана келечеги» -деген темада семинар өткөрүлдү.

Семинарды Чүй электр тармактар ишканасынын директору Ж.Доктурбай уулу ачып куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Семинарга Чүй ЭТИнин башкы инженери Б.Омуралиев, директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары У.Б.Уметов, бардык РЭТ, ЭЭСК, өндүрүштүк кызматтардын, бөлүмдөрдүн башчылары жана жалпы жаамат кытышып, кызуу талкуу жүргүзүлдү.

 

 

Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы

Website:  http://chupes.nesk.kg/ 

https://www.facebook.com/chupeskg

https://www.instagram.com/chupes.kg/

E-mail: chupes.ps@gmail.com

Tel:  +996 33 85 97