«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы болгон Чүй электр тармактар ишканасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Изоляция, ашыкча чыңалуудан коргоо жана сыноо борбордук кызматынын башчысы Батырбеков Болотбек Касымбековичтин, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Бишкек, Талас жана Чүй электр тармактар ишканаларынын изоляция кызматтарынын жетекчилери менен инженерлеринин катышуусунда республикалык семинар өткөрүлдү.
Семинарды Чүй электр тармактар ишканасынын директору Доктурбай уулу Жолдош ачып, катышуучуларды куттуктап, мындай иш-чаралар адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууда, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүдө жана филиалдардын өз ара кызматташтыгын чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Өз сөзүндө директор төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Энергетикалык системанын ишенимдүү иштеши ар бир адистин кесипкөйлүгүнөн башталат. Бүгүнкү күндө техникалык билимди өркүндөтүү менен катар практикалык тажрыйба алмашуу, жабдууларды диагностикалоонун жана эксплуатациялоонун заманбап ыкмаларын жайылтуу өзгөчө маанилүү. Бул семинар конструктивдүү диалог жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана өлкөбүздүн керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатууга багытталган натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болот деп ишенем.»
Семинардын негизги максаты кесиптик тажрыйба алмашуу, жогорку чыңалуудагы жабдууларды эксплуатациялоо жана диагностикалоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо, техникалык тейлөө ыкмаларын өркүндөтүү жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар изоляция кызматтарынын ишин уюштуруу, жабдуулардын техникалык абалын көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмалары, изоляциянын бузулуу себептерин талдоо, диагностиканын жаңы технологияларын колдонуу, ошондой эле эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, семинардын алкагында Чүй электр тармактар ишканасынын изоляция кызматына жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын сыноо жана диагностикалоо үчүн арналган алты даана заманбап диагностикалык прибор тапшырылды.
Ошондой эле филиалдардын ортосунда практикалык тажрыйба алмашууга, электр жабдууларын эксплуатациялоо учурунда жаралган көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды чечүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешип, мындай семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүү адистердин квалификациясын жогорулатууга, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга, филиалдардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырууга чоң салым кошорун белгилешти.
Республикалык семинар адистердин кесиптик баарлашуусу, билим жана тажрыйба алмашуусу, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын изоляция кызматтарынын ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган натыйжалуу чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылды.