Өндүрүштүк жаракаттарды алдын алуу жана эмгекти коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында Чүй электр тармактар ишканасында Коопсуздук техникасы күнү өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер үчүн эмгекти коргоо жана электр орнотмолорунда иштөө эрежелери боюнча кайталоочу нускамалар өткөрүлүп, кызматкерлердин билим деңгээли, жеке коргонуу каражаттарынын, шаймандардын жана жабдуулардын абалы текшерилди.
Ошондой эле ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын кызматкерлери өндүрүштүк кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Чүй облусунун райондук электр тармактарында жана көмөкчордон топторунда текшерүүлөрдү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына, жумуштарды коопсуз уюштурууга жана жумуш орундардын абалына өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу жана өндүрүштүк коопсуздукту мындан ары жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Эмгек коопсуздугу – Чүй электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктардын бири.