Бүгүн, 24-январда, Чүй электр тармактар ишканасынын – "КУЭТ" ААКнын филиалынын жыйындар залында директор Д.Б.Шабдановдун жетекчилиги алдында 2024 -жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү.
Жыйынга ишкананын дирекциясы, РЭТтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Өз кезегинде директор Д.Б.Шабданов жыйынды, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана чогулуштун бардык катышуучуларына коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндө кылмыш-жаза мыйзамдарын олуттуу өзгөртүүнү жеткиликтүү формада тааныштыруу жана түшүндүрүү менен баштады.
Андан соң, планеркада 2024-жылга карата жасалган оңдоо, эксплуатациялоо жана капиталдык курулуш иштеринин жыйынтыктары талкууланды.
Мындан тышкары, 2024-жылы жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы чыгарылды.
Башкармалыктардын жана кызматтардын жетекчилери өз иштери жөнүндө отчет беришти.
Ошондой эле, жыйында 2025-жылга карата алдын ала пландар талкууланды.
Чүй электр тармактар ишканасынын директору Данияр Шабданов 2025-жылга милдеттерди коюп, кызматтарга оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүнү жана электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимиттерин сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууну, коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.