Колл - борбор: 105; 1209

Быйыл Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы тармактарда 10359 даана изолятор алмаштырылат

20 Май 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого карата жасалып жаткан реформанын алкагында, электр энергиясынын кубаттуулугун көтөрүү жана эскирген жабдууларды жаңылоо иштери тынымсыз аткарылууда.

Мындан улам , 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуу тармактарында 10359 даана изоляторлорду алмаштырып, 287 чакырым аба чубалгысын капиталдык
оңдоодон, 2300 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери пландаштырылган иштердин ичинен 30 пайызын аткарып бүтүштү.
Быйылкы жылга коюлган иштер 2025-жылдын ноябрь айында толугу менен аткарылып бүтөт. Учурда энергетиктер ар бир ишти өз убагында аткаруу үчүн графикке ылайык ыкчам иш алып барууда.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.
Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын электр куроочулары Панфилов районунан баштап, Балыкчы шаарына чейинки аралыктагы 2590 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлейт.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.