Колл - борбор: 105; 1209

Быйыл Чүй облусунда 1810 даана темир бетон электр мамылары орнотулат

None

"КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын энергетиктери келе жаткан 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүүдө. Быйыл оңдоо жана реконструкциялоо иштеринин алкагында облус боюнча 1810 даана темир бетон электр мамыларын орнотот.

Темир бетон электр мамылары төмөнкү райондорго орнотулат:

Кемин району – 152 даана;

Чүй району – 91 даана;

Ысык-Ата району – 344 даана;

Аламүдүн району – 319 даана;

Сокулук району – 235 даана;

Москва району – 347 даана;

Жайыл району – 21 даана;

Панфилов району – 301 даана.

Оңдоо иштери 1-марттан 1-ноябрга чейин созулат. Бардык жабдууларды сатып алуу иштери "КУЭТ" ААК тарабынан жүргүзүлөт. Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Оңдоо иштеринин графиги Чүй электр тармактар ишканасынын www.chupes.nesk.kg/ru/ расмий сайтында жана “Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, Сиз биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу-борборуна төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209, 0556-001209.