«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй электр тармактар ишканасында 2023-жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча пландык кеңешме болуп өттү

23 Январь 2024 ж.

Бүгүн, 23-январда Чүй ЭТИнин жыйын залында «КУЭТ» ААК филиалы – Чүй электр тармактар ишканасынын директору Д.Б.Шабдановдун жетекчилиги алдында 2023-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Жыйынга ишкананын жетекчилиги, РЭТтердин, электр энергиясын сатуу бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйында 2023-жылга пландалган оңдоо, тейлөө жана капиталдык курулуш иштеринин жыйынтыгы жана башка маселелер каралды. Мындан тышкары, 2023-жылга аткарылган анализдердин жыйынтыгы чыгарылды. Бөлүм, кызмат жетекчилери аткарган иштери боюнча отчет беришти. Андан тышкары жыйында 2024-жылга карата алдын ала пландар да талкууланды. Жыйында Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов 2024-жылга милдеттерди коюп, кызматтарга оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүнү жана электр энергиясын колдонуунун белгиленген лимиттерин сактоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууну, берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарууну тапшырды. Отурумдун жыйынтыгы менен РЭТтердин, бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине айтылган сын-пикирлерди белгиленген мөөнөттө четтетүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.