Бүгүн, 7-августта Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында Чүй электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы жана берилген лимиттерди сактоо боюнча Чүй ПЭСтин директору Улан Астаркулов, Токмок РЭТинин жетекчиси Улан Сталбеков, Токмок шаардык электр энергия сатуу кызматынын жетекчиси Мирлан Максүтов, Токмок шаары мэри Максат Нусубалиев жана вице-мэрлер Жаныбек Аралбаев, Айбек Сулаймановдор катышкан жыйын болуп өттү.
Жыйынды Токмок шаарынын мэри Максат Нусубалиев ачып берди. ЧүйПЭС директору Улан Астаркулов берилген лимитти сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча чогуу иш алып баруу маселесин айтты.
Токмок РЭТинин жетекчиси Улан Сталбеков райондук электр тармактарынын кышка даярдыгы жана жасалып жаткан иштер боюнча отчет берсе, Токмок электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчиси Мирлан Максутов керектөөчүлөрдү онлайн жана сапаттуу тейлөө максатында иштелип чыккан «"Мой свет" мобилдик тиркемеси ишке киргенин, төлөмдөр өз убагында чогултулуп, абоненттер тыгыз иш алып барып жатканын баса белгиледи.».
Шаар башчысы энергетиктердин көтөрүп жаткан маселесин колдоорун билдирип, берилген лимиттерди сактоо боюнча жана электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну шаардык мунициалдык ишканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга тапшырма берди.
Андан тышкары РЭТ жетекчилиги менен ар кандай маселелерде тыгыз иш алып барууну вице-мэрлерге тапшырды. Жыйын дээрлик бир саатка созулуп, ар кандай суроолор менен коштолду. Берилген суроолор жоопсуз калган жок.