“КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Кант райондук электр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Кант шаарынын энергетиктери 2025-жылы 46 даана трансформатор, 34 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон, 420 даана трансформатор, 730 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтөт. Андан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында шаарда 30 чакырым СИП аба чубалгысы тартылып, 189 даана темир бетон электр мамылары орнотулат.
Учурда шаар боюнча 7 трансформатор, 9 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон, 35 трансформатор, 31 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.
Бул аткарылып жаткан оңдоо иштери Кант шаарынын жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Кант РЭТи Кант шаарын жана 5 айыл өкмөтүн жалпы 28599 абонентти тейлейт.
Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет”мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.