Кемин районунун Ильич айылында 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын инфраструктурасын жаңыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Чүй электр тармактар ишканасынын Кемин РЭТтин адистери тарабынан 1973-жылдан бери пайдаланылып келе жаткан жана узак жылдар бою эксплуатациялоонун натыйжасында өзүнүн ресурстарын иштеп бүткөн аба чубалгынын тилкесин толук реконструкциялоо жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясын керектөөчүлөрдү ишенимдүү камсыз кылуу максатында энергетиктер 110 жаңы темир-бетон таянычтарын орнотуп, заманбап өзүн-өзү кармоочу изоляцияланган СИП-2 зымын монтаждоого киришти. Реконструкцияланып жаткан электр берүү чубалгысынын жалпы узундугу 3,5 чакырымды түзөт.
Модернизациялоо электр тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жабдуулардын эскиришине жана аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу авариялык өчүүлөрдүн ыктымалдыгын азайтууга, ошондой эле кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон эң жогорку жүктөм учурунда керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
СИП-2 зымын колдонуу чубалгынын шамалга, нымдуу карга жана муз тоңуу көрүнүштөрүнө туруктуулугун жогорулатып, зымдардын кайчылашып кетүү жана бузулуу тобокелдигин азайтат.
Чубалгыны жаңылоо Ильич айылынын турак үйлөрүн жана социалдык объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга да багытталган.
Аталган иштер Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине электр тармактарынын чарбасын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.
Энергетиктер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган пландуу оңдоо жана модернизациялоо иштерин улантууда.