Колл - борбор: 105

Кемин РЭТте күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда

20 Август 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасы электр тармактарын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо алкагында оңдоо иштерин улантууда.


Учурда Кемин РЭТтин адистери «Жилтыр» 35/10/6 кВ көмөкчордонунан чыккан «Холодная Вода» 10 кВ фидериндеги электр берүү аба чубалгысын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө 1967-жылдан бери пайдаланылып келген эски жыгач мамылар заманбап СВ-105 үлгүсүндөгү темир-бетон мамыларга алмаштырылууда. Ошондой эле электр берүү аба чубалгысынын узундугу 1 чакырым болгон тилкеси жаңыланууда.


Аталган иш-чараларды ишке ашыруу күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон жогорку жүктөмдөр учурунда электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн келип чыгуу ыктымалдыгын азайтууга жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.


Иштер аяктагандан кийин жаңыдан курулуп жаткан цемент заводун, «Каттама» соода объектилерин, ошондой эле Чолок айылынын тургундарын электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.


«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасы электр тармактарын модернизациялоо жана чыңдоо боюнча системалуу иштерди улантууда. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар электр тармактарынын туруктуулугун жогорулатууга жана Чүй облусунун керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.


📞 Электр менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
105 (чалуу акысыз)
+996 772 001209
+996 556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209