Колл - борбор: 105

Москва РЭТде электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда

23 Июнь 2026 ж.

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Москва райондук электр тармактарында керектөөчүлөрдү электр энергия менен ишенимдүү камсыздоону жогорулатууга багытталган пландуу иштер улантылууда.

Оңдоо иштеринин алкагында негизги көңүл эскирген электр берүү линияларын заманбап СИП-2 өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымга алмаштырууга бурулууда. Бул зым жогорку ишенимдүүлүгү, жагымсыз аба ырайынын шарттарына туруктуулугу менен айырмаланып, зымдардын кагылышуусунан, бак-дарактардын бутактарынын кулашынан жана башка тышкы факторлордон улам келип чыккан авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин кыйла азайтат.

Иштерди аткарууда «Фотон» кран-манипулятору, экскаватор жана автоселки колдонулуп, курулуш иштеринин жогорку темпин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууда.

Бүгүнкү күнгө карата 2026-жылга пландалган 24 чакырым СИП-2 зымынын 2128 метри тартылды. Ошондой эле 2026-жылдагы оңдоо компаниянын алкагында Москва району боюнча 315 даана темир-бетон тирөөч орнотуу каралган. Учурда район боюнча 110 даана тирөөч орнотулуп, анын ичинен СВ-95 үлгүсүндөгү 40 даана темир-бетон тирөөч Петровка айылында орнотулду.

СИП-2 зымын колдонуу электр менен камсыздоонун сапатын кыйла жакшыртып, электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтууга жана эксплуатациялык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Изоляцияланган түзүлүшүнүн аркасында электр тармактарын пайдалануунун коопсуздугу кызматкерлер үчүн да, калк үчүн да жогорулайт.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар райондун керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыздай алган заманбап жана ишенимдүү электр тармактык инфраструктураны түзүүгө багытталган.

Иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө аяктайт.

Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге сутка бою кайрылсаңыздар болот:

105 (акысыз чалуу)

+996 772 001 209

0556 001 209

WhatsApp: +996 702 001 209