Колл - борбор: 105; 1209

Панфилов районунда 8 чакырым СИП аба чубалгысы тартылып, 260 темир бетон мамы орнотулду

1 Октябрь 2024 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Панфилов райондук электр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 80 пайызга аяктады.
 
Панфилов районунун энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 44 даана трансформатордук көмөк чордонду, 56 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 229 даана трансформатордук көмөк чордонду, 240 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.
 
Реконструкция иштеринин алкагында райондо 8 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгылары тартылып, 260 даана жыгач мамылары темир бетон мамыларга алмашылды.
Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт.
 
Бул аткарылып жаткан оңдоо иштери Панфилов районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
 
Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.