Колл - борбор: 105; 1209

Көк-Жар айылында электр көйгөйү болбойт

31 Октябрь 2023 ж.

Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында да электр энергиясынын тартыштыгы жаралып, керектөөчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Бул иштер керектөөчүлөрдү алдыдагы кышта сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып, ишенимдүүлүктү жогорулатат.   Эске сала кетсек Аламүдүн районуна 7 трансформатор бөлүнүп, алар Лебединовка, Көк-Жар, Дачный, Малиновка, Гроздь, Арашан айылдарына коюлду. Белгилей кетсек, күч трансформаторлору “КУЭТ” ААКнын эсебинен сатылып алынды. Мындай кырдаалдан чыгуу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн РЭТинин электр куроочулары Көк-Жар айылындагы №1231-трансформатордук көмөкчордондо кубаттуулугу 250 кВА күч трансформаторун кубаттуулугу 400 кВА болгон күч трансформаторуна алмаштырышты. .