Колл - борбор: 105; 1209

Сокулукта күз-кыш мезгилине даярдык 90 пайызга аяктады

30 Сентябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергокомпанияларга жана мекемелерге алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүү талабын койгон. Ага ылайык учурда энергетика тармагында жабдууларды жаңылоо, модернизациялоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинде күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери 90 пайызга аяктады.

Аткарылган иштериндин катарын төмөнкүлөр толуктайт:

- 209 даана трансформатор капиталдык оңдоодон;

- 797 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында:

- 20 даана жаңы трансформатор орнотулуп;

-32 чакырым СИП кабелдери тартылды;

- 223 даана мамыча жаңы орнотулуп;

- 14700 эски эсептегич жаны акылдуу эсептегичтерге алмаштырылды.

Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда. Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.