Колл - борбор: 105

Сокулук РЭТде диспетчердик кызматтын ишин өркүндөтүүгө арналган семинар-кеңешме өткөрүлдү

30 Июнь 2026 ж.

2026-жылдын 26-июнунда Сокулук райондук электр тармактарынын (РЭТ) базасында Чүй электр тармактары ишканасынын диспетчердик кызматкерлеринин катышуусунда семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чарага Сокулук РЭТтин башчысы, башкы инженери, Ыкчам-диспетчердик кызматынын (ЫДК) башчысынын орун басары, Чүй ЭТИнин РЭТтеринин улук диспетчерлери, диспетчерлер, режимдерди эсептөө жана кароо боюнча инженерлер, ошондой эле Ишенимдуулук жана техника коопсуздук кызматынын башчысы жана анын орун басары катышты.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө техникалык документтерди жүргүзүү тартиби, электрондук тапшырмаларды (заявкаларды) туура толтуруу жана берүү, ыкчам журналдарды «КУЭТ» ААКнын стандарттарына ылайык жүргүзүү, ыкчам которуштурууларды жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн талаптары, авариялык өчүрүүлөрдү ыкчам жоюу жана алардын алдын алуу чаралары, ошондой эле жаңы технологиялык жабдууларды натыйжалуу колдонуу маселелери кеңири талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар айтылып, аларды тиешелүү кызматтар тарабынан кароо чечими кабыл алынды. 

Ошондой эле электрондук журналдарды планшет аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калк арасында электр коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында видеороликтерди даярдоо, Кант РЭТде кошумча ыкчам-выезддик бригаданы (ОВБ) уюштуруу маселесин жетекчиликке сунуштоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин талаптарын так сактоо боюнча иштерди улантуу белгиленди.

Мындай семинар-кеңешмелер кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, диспетчердик кызматтын ишин өркүндөтүүгө, ошондой эле электр тармактарынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.