Энергетика министрлиги тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү талабына ылайык, энерготармактагы жабдыктарды жаңылоого, оңдоп-түзөө иштеринин сапаттуу жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бүгүнкү күндө Чүй энергетиктери тарабынан Ысык-Ата районунда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:
-36 даана трансформатор, 5 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодоон отүп, 6 чакырым СИП аба чубалгысы тартылды;
-183 даана трансформатор, 450 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү; -Капиталдык курулуш иштеринин алкагында 2 даана трансформатор кубаттуулугу жогорулатылып алмаштырылды;
-Бүгүнкү күнгө пландаштырылган оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери 80 пайызга аяктады.
Бул иштер келе жаткан 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат. Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында - эртең менен саат 09-00дөн - кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.