Колл - борбор: 105

ЧҮЙ ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА БОШ ЖУМУШ ОРУНДАРЫ

11 Июнь 2026 ж.

Чүй электр тармактар ишканасы төмөнкү бош кызмат орундарына жумушка чакырат:

Кран-манипулятор айдоочусу; 

Жеңил автоунаанын айдоочусу; 

Экскаватор машинисти; 

Бульдозер машинисти.

Талаптар:

Тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн болушу (B, C, D, E); 

Айдоочулук же адистиги боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болушу; 

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин билүү; 

Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана ишке так мамиле кылуу; 

Кызматтык транспортко жана техникаларга аяр мамиле жасоо.

Милдеттери:

Ишкананын кызматкерлерин коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылуу; 

Бекитилген атайын техникаларда өндүрүштүк тапшырмаларга ылайык иштерди аткаруу; 

Транспорт каражаттарын жана техникаларды техникалык жактан жарактуу абалда кармоо; 

Жол баракчаларын жана тиешелүү документтерди жүргүзүү; 

Жетекчиликтин кызматтык тапшырмаларын аткаруу.

Шарттары:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орноштуруу;

25 000 сомдон 40 000 сомго чейинки туруктуу эмгек акы; 

Кийинчерээк эмгек акыны жогорулатуу мүмкүнчүлүгү; 

Эмгек стажына жараша кошумча төлөмдөр; 

Толук социалдык пакет; 

Энергетика тармагындагы туруктуу иш.

Чүй электр тармактар ишканасынын кадрлар бөлүмүнө кайрылыңыздар:

Дареги: Лебединовка айылы, Чкалов көчөсү, 3 

Телефон: 97-63-57