Колл - борбор: 105; 1209

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар, электр мамылары текшерилди

20 Январь 2025 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын бөлүм, кызматтардын жетекчилери Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы менен биргелик Чүй облусундагы Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларды, электр мамыларын текшеришти.
 
Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын адистери менен жетекчилер 220 кВ “Кемин” –“Ала-Арча”, «Фрунзе» - “Ала-Арча -1, 2”, «Фрунзе» - “Кара-Балта -1, 2” жана 500 кВ «Фрунзе» - “Түлөбердиев” жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын пландуу текшерүүдөн өткөрүштү. Зымдарды текшерүүдөн тышкары, тармактын адистери изоляторлордун, контакттык байланыштардын жана муфталардын арматураларынын абалын текшеришти. Пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө эч кандай мүчүлүштүктөр табылган жок.
 
 Пландык текшерүүлөр электр жабдууларын эксплуатациялоодогу кемчиликтерди өз убагында аныктоого жана жоюуга, керектөөчүлөрдү энергия менен ишенимдүү камсыздоого мүмкүндүк берет.
 
Белгилеп кетчү жагдай, бардык пландык текшерүүгө чыккан кызматкерлердин кызматтык күбөлүктөрү текшерилип, коопсуздук эрежелери боюнча тиешелүү тармактын жетекчилигинен инструктаж алышат.