«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин буйругуна ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары болуп Ырысбек Кендирбаев дайындалды.
Жаңы орун басарды жааматка «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович тааныштырды.
Чүй электр тармагы ишканасынын жетекчилиги жана жамааты жаңы дайындалган орун басарды куттуктап, ага жаңы кызматында ийгиликтерди жана жогорку кесиптик жетишкендиктерди каалашты.