Бүгүн, 14-октябрда, Аламүдүн РЭТинин кызматкерлери №419 ТПсинде кубатуулугу 250 кВА түзгөн ГКТП шкафын 400 кВАга алмаштырышты.
2023-жылга 7 даана трансформатордук көмөкчордон алмаштыруу иштери пландаштырылган. Бүгүнкү күндө баары толук алмашылып бүттү. Айта кетсек, бул иштер 2023-жылга карата реконструкциялоо жана капиталдык курулуштун алкагында жүргүзүлүп, Лебединовка айылында жашаган керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.